Жай мезгилинде Панфилов сейил багындагы аттракциондорго арзандатуулар болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аттракциондордун баасы ар шаршемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин чоңдор жана балдар үчүн 50 сомдон, ал эми дөңгөлөк, Айлануучу мунара, Зоотопия зоопаркы жана 12D кинотеатры суператтракциондорго 80 сомдон болот.
Акция жайдын аягына чейин уланмакчы.