• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Индиядагы элчи боор жана бөйрөгүн трансплантациялоо үчүн барган кыргызстандыктарга бааны арзандатууну сүйлөштү

29 Үчтүн айы 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Нью-Дели шаарындагы «Дхарамшила Нараяна» адистештирилген госпиталдын жетекчилигинин чакыруусу менен 2021-жылдын 28-январында КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаевдин аталган госпиталдын түндүк аймагы боюнча Директору Навниит Бали мырза, жана ошондой эле башкы врачтары менен жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар, негизинен сөөк чучугун, боорун жана бөйрөгүн трансплантациялоого келип жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн дарылануунун наркын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары, тажрыйба менен алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн ушул жылы кыргыз жана индия медиктеринин өз ара сапарларын уюштуруу боюнча Тараптар келишимге келишти.

Кыргыз жарандарынын дарылануусун сарамжалдуу пландаштыруу максатында кээ бир процедураларды, ошондой эле индиялык дарыгерлеринин онлайн-кеңештерин өткөрүү мүмкүн экендигин госпиталдын өкүлдөрү тарабынан белгиленди.

Сапардын алкагында Элчи госпиталдын иши жана операцияга чейинки жана операциядан кийин кам көрүү үчүн алдыңкы технологиялар менен таанышты.

Маалымат үчүн: «Dharamshila Narayana Superspeciality» — бул дүйнөлүк класстагы медициналык инфраструктурасы жана кардиология, онкология, сөөк чучуктун трансплантациясы, интенсивдүү терапия, неврология, боорду жана бөйрөктү трансплантациялоо ж.б. ар кандай адистиктер боюнча комплекстүү медициналык жардамды берген жогорку квалификациядагы врачтары бар заманбап көп тармактуу оорукана.

Количество просмотров: 65