• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды (сүрөт)

7 Бештин айы 2021 17:12 Бишкек Govori.TV

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары “У.У.К.” тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллары акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды.

2021-жылдын 6-декабрында бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “У.У.К.” КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Нет описания.
Количество просмотров: 423