Милиция кызматкерлери тарабынан пара алуу фактысы боюнча кызмат адамдары кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызмат билдирди.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну А.у. К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, Ош шаарынын суу чарба муниципалдык башкармалыгынын кызматкерлери 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында жайгашкан 4-даана автоунаа жуучу жайлардын иштетилген суусуна негизги төлөмдөн сырткары ар биринен айына мыйзамсыз 5 000 сомдон алып жүрүшкөндүгүн билдирген. Жалпы келтирилген чыгым 360 000 сом акча каражатын түзгөн.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси “Пара алуу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы баршкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара катары алган 360 000 сомдон 80 000 сомду кайтарып берип жаткан жеринен, Ош шаарынын суу чарба муниципалдык башкармалыгынын директорунун орун басары 1975-жылы туулган К.Т. жана ошол эле башкармалыгынын башкы инженери 1991-жылы туулган Ш.у.Н. аныкталып, кармалган. Соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.