• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды

31 Бугу 2021 22:01 Бишкек Govori.TV

Опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң доллар талап кылганы аныкталган.

Бул факты Жазык кодексинин 326- беренесинин 3-бөлүмү (опузалап пара алуү) боюнча катталган.

«31-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 долларын алып жаткан учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери милициянын улук сержанты А.А. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизатты пайдалангандыгы аныкталды. Азыркы учурда мындан аркы иликтөөнү УКМК жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 285