• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаранга бычак менен кол салган милиция кызматкери кармалды

8 Аяк оона 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын түштүгүндөгү Восей районунда жергиликтүү тургунга бычак менен кол салган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу аймактык прокуратурадагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун Мехрож Салохиддинов менен милициянын участкалык инспектору Умеджон Аминжонзоданын ортосундагы жаңжал 31-августта болгон.

«24 жаштагы милициянын кызматкери автоунаасы менен 38 жаштагы Салохиддиновду сүзүп кете жаздаган. Жинденген тургун Аминжонзодага «машинени абайлап айдабайсыңбы» деп нааразылыгын билдирген. Ортодо жаңжал чыгып, милиция кызматкери тургунду ээн талаага алып барып, ага бычак менен оор жаракат келтирген. Андан соң аны ооруканага жеткирип, өзү кетип калган», – деди булак.

Учурда Мехрож Салохиддинов райондук ооруканада дарыланууда.

6-сентябрда Восей районунун башчысы Жамшед Шарифзода бул маалыматты ырастады. «Мен ооруканага барып бейтапты көрүп келдим. Прокуратура тергөө иштерин баштап, милиция кызматкери кармалды. Ким болбосун кылмышы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек», – деди ал.

Азырынча милициянын улук лейтенанты Умеджон Аминжонзодага кайсы берене боюнча айып тагылганы белгисиз.

Быйыл июнда Тажикстандын Башкы прокуратурасы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын жардамчысы, милициянын подполковниги Акмал Юсуфзода адам уурдоо шеги менен кармалганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Юсуфзода жакын тууганы менен чогуу 12-июнда Мамлекеттик коммерция университетинин окутуучусу Исмоил Рахмоновду күч менен автоунаага салып барып, Фондарыяга ыргытып жиберишкен. Анын сөөгү дале табыла элек.

Количество просмотров: 1619