• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Пара алууга шектелип Башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды

1 Аяк оона 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Опузалап акча каражатын талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У.К. жана анын шериги «М.У.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап талап кылып, пара алганы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш ишин башка органга өткөрүп бергенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүм (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде облустун башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.
4000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын бир бөлүгү Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан алынган.

Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги Жалал-Абад шаардык сотунун санкциясы менен КР УКМКнын Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 118