• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Салык кызматкери пара менен кармалды 

21 Кулжа 2022 20:26 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын райондук Башкармалыктарынын биринин башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-июнь күнү КР УКМК тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областындагы райондук Башкармалыктарынын биринин башчысы 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды.

Кармалган кызмат адамы пайда табуу максатында жеке кызыкчылыктарын көздөп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди ишкердин пайдасын эске алуу менен чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 4645