• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Пара алып жаткан жеринен токой чарба кызматкери кармалды

1 Жалган куран 2023 11:08 Бишкек Govori.TV

10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Нарын облусундагы Ат-Башы районунун токой чарбасынын Б.А.С. аттуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Б.А.С. буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин “АКНК” (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

Б.А.С. узак убакыттан бери А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылып жүргөн.

Шектүү кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага карата сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 4035