• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Пара менен Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды (сүрөт)

5 Чын куран 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалды.

Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.

Кармалган А.Д.Б. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 872