Бишкекте үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Kaktus media жазды.
Алардын айтымында, кечээ түнкү саат 03:00 чамасында Октябрь РИИБнин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн имаратына УКМКнын кызматкерлери кирип кеткен. Алар пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлерин кармашкан.
Эки ыкчам кызматкер, жана тергөөчү кармалган. Алардын иш бөлмөсү тинтүүгө алынган.
Эске салсак, 18-сентябрда Биринчи май районунун да эки кызматкери кармалган.