Стамбулдагы Паралимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн алардын үй-бүлөсү жана жакындары эле тосуп алып, мамлекеттик органдардан эч ким келген эмес. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазууда.
Ал эми Ибраим Нуракун уулу да бул боюнча фейсбук баракчасына нааразы пикирин жазды.
«Бишкекке бүгүн таңкы төрттө бизди күйөрмандарыбыз тосуп алышты. Мамлекет тараптан эч ким жок. Түркиядан чемпиондорду тосуп алгандай сый көрүштү эле бул балдар, өз өлкөсүндө биздин Манас бабабыздын атын алып жүргөн аэропортто чаалыгып-чарчап, ачка олтурушат. Хабиб-хаспиктерди кызыл килем төшөп тоскон мамлекеттин даун синдром-спортчу балдарыбызга убактысы да, акчасы да жок. Бул балдар биздин желегибизди он өлкө катышкан эл аралык спорт таймашында желбиретишип келишти чынында. Өкүнүчтүү», — деп жазды ал.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул чемпион жана байге ээлерин тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тосуп албай койгонуна нааразы пикирилерин жазышууда. Алардын айтымында, алар да спортчулар, эл аралык аренада өлкөнү даңазалап жүрүшөт.