• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парижде миңдеген киши полиция зомбулугуна каршы нааразылык өткөрүштү

3 Кулжа 2020 15:30 Бишкек Govori.TV

Парижде 2016-жылы полиция зомбулугунан кийин каза тапкан 24 жаштагы кара терилүү француз Адам Траордин элесине арналган нааразылык акциясы өттү. Ага миңдеген киши катышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы менен демонстрацияга 15 миңден 20 миңге чейин киши катышты.

Акция катышуучулары АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык өткөрүп жаткандарга тилектештик билдиришти. Алар “Мен дем ала албай жатам” деген жазуусу бар такталарды көтөрүп жүрүштү. Бул фразаны Флойд полиция анын мойнун тизеси менен жерге ныгырып жаткан маалда айткан.

Париждеги демонстрация полиция менен катышуучулардын ортосундагы кагылышуу менен коштолду. Демонстранттар полициячыларга бөтөлкө жана таш ыргытышып, таштанды челектерин өрттөштү. Тартип сакчылары жооп иретинде газ жана желим окторду колдонушту. Жапырт нааразылык акциялар Лилль, Марсель жана Лион шаарларында да өттү.

Ынды кара Флойддун өлүмү АКШда ири нааразылык акцияларына себеп болуп, алар азыркыга чейин уланууда. Айрым жердерде акциялар тоз-тополоң, талап-тоноо менен коштолгон. Президент Дональд Трамп башаламандыкты токтотуш үчүн армияны колдонорун 1-июнда эскерткен.

Количество просмотров: 79