• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламент чек арадагы жаңжалды жабык талкуулап жатат

6 Бугу 2021 17:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жабык талкуулап жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылган.

Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн, маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлгөн, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан эмес.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Количество просмотров: 53