• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламент COVID-19 боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алды

15 Чын куран 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду.

Талкуу маалында депутаттар калкты азык-түлүк менен жетиштүү камсыздоо, аймактардагы жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүксүз улантуу, оор кырдаалда иштеп жаткан саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине керектүү эмгек шарттарын түзүү менен коопсуздугун коргоо жаатындагы маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле жыйында эл өкүлдөрү өлкөдөгү айрым ишкердик субъектилеринин ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү сунушун беришти.

Андан тышкары, чет өлкөдөгү мекендештерди өлкөгө кайтаруу маселесине өзгөчө басым жасалды.

Талкуу соңунда депутаттар парламенттин токтомун кабыл алынды. Анда жогорудагы маселелер боюнча бардык тиешелүү сунуштар камтылып, Өкмөт тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, аталган токтом долбоору 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунун жыйынтыгында сунушталган.

Количество просмотров: 220