• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламент депутаттар Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигеновдорду жоопкерчиликке тартуу маселесин карайт

30 Жетинин айы 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор К. Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу маселе күн тартибинде каралчу маселелердин тизмесине каргизилген. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырган. Мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту Б. Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Количество просмотров: 444