• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Парламент депутаттары каникулга тарады

1 Теке 20229:19 Бишкек Govori.TV

30-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 34-беренесине ылайык, VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясы жабык деп жарыялады.

Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни аткарылды. 


Количество просмотров: 123