Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан жыйынга чогулуу аракетин көрүшүүдө.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйын 16:00гө белгиленген.
Саат 16:30га карата жыйынга чогулган депутаттардын саны 20га чукул. Алардын айтымында күн тартибинде кайсы маселелер карала турганы азырынча белгисиз. Депутат Айнуру Алтыбаева жыйын тууралуу маалымат каражаттарынан билгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, митингден кийин парламенттин бир катар депутаттары эки жолу – 6-октябрда жана 10-октябрда жыйынга чогулду. Экөөндө тең 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров премьер-министр болуп тандалганы айтылган болчу.