• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламент эртең жыйынга чогулат

5 Тогуздун айы 2021 19:01 Бишкек Govori.TV

Эртең, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. «2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

2. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

3. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;

4. «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору;

5. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 30-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө («Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

6. Президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө», «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

7. Президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

Количество просмотров: 53