• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Парламент комитети ЖМК мыйзамын караган жок

26 Бирдин айы 2024 15:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 26-февралдагы жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү жолу караган жок.

Буга тиешелүү министрлердин жыйынга келбегени себеп болду.

Аталган комитет 19-февралдагы жана 22-январдагы жыйынында да ушундай эле себеп менен документти күн тартибинен алып салган.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 72