• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламент “Кумтөрдү” башкарууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды

7 Бугу 2021 10:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйыныда корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын ичинен 98и мыйзам долбоорун колдосо, 2 депутат каршы добуш берди. Демилгечилер эл депутаттар Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков болду.

Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.

Депутат Дастан Бекешевдин  “кеп “Кумтөр” ишканасы тууралуу болуп жатабы?” деген суроосуна баяндамачы Акылбек Жапаров “атын атайын атабай жатканын, бирок концессионер катары бир гана “Кумтөр” иштээрин билдирди.

Жапаровдун айтымында, министрлер кабинетинде мыйзамга ылайык өз укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ал ушул тапта экологияга келтирген зыян боюнча 3,2 миллион долларлык доо арыз каралып жатканын жана 19 адамдын каза болгонун белгиледи.

Количество просмотров: 163