• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Парламент Мадумаровду жоопко тартууга макул болду

22 Кулжа 2023 18:37 Бишкек Govori.TV

Парламент бүгүн, 22-июнда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылды.

Эске салсак, 31-майда Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңештен уруксат сураган.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды саясий иш катары баалаган.

Количество просмотров: 280