• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Парламент төрагасынын орун басары Францияга эмнеге барды?

29 Кулжа 2023 14:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Францияга иш сапары менен барып, аталган өлкөдөгү Кыргызстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Эл өкүлү ошондой эле элчи Садык Шер-Нияз менен баштаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

Баарлашуу маалында Францияда жашаган кыргызстандыктарга кыргыз тилин окутуу, айрыкча балдарга эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салтын үйрөтүү жаатындагы маселелер айтылды.

Ага ылайык, кыргыз тилинен мугалим бөлүп берүүнү, чет жердеги балдарды онлайн окутуу үчүн атайын интернет портал ачууну сунушташты.

Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүк алуу көйгөй жаратып жаткан айткан мекендештер аталган маселени да чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Ошондой эле чет жерде жашаган кыргызстандыктар жыл сайын чогулуп, форум өткөрүү демилгесин көтөрүштү.

Айтылган бардык маселе эске алынарын айткан төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо багытында парламентте жасалып жаткан иштерге токтолду. Анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция кеңеши бар экенин, анын алкагында бир топ жумуштар аткарылып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 123