Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Күн тартибинин долбоору:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу.