Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Айсулуу Мамашова 13 жашар кызды зордуктагандарга карата сот чечими боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш тийиштүү органдарды чакырып, аталган маселе боюнча маалымат алышы керек.
«Массалык маалымат каражаттарында соттун адилетсиздиги тууралуу сөз болуп жатат. Ооба, биз соттордун ишине кийлигише албайбыз. Бирок, аны адам деп айтууга да ооз барбайт. Үч зордукчунун бирөө гана түрмөдө. Бул боюнча тийиштүү органдарды чакырып, талкуулайлы», — деди Мамашова.