• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Парламентте Атамбаевди үй камагына чыгаруу сунушу айтылды

8 Бештин айы 2021 14:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-декабрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуштады.

Анын айтымында, саясий өч алууларды артка калтыруу керек.

«Шайлоо өттү, Башмыйзам өзгөрдү, кичине бир гумандуу саясатка өтсөк болот эле. «Бирөө-бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр, ушак айтыптыр» деп эле камай берсек, анда Кыргызстанда саясатчы калбайт. Биз эмне бекинип сүйлөшүп кала турган заманга келебизби? Саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов ак жеринен жөн эле отурушат. Саясий өч алууларды токтотобуз десек, экс-президент Атамбаевди да үй камагына чыгаруу керек. Үй камагынан деле ар кандай суроолорго жоопторду алса болот, эч жакка качып кетпейт», — деди Жанар Акаев.

Количество просмотров: 421