Парламентте өкмөттүн жаңы курамы сунушталды. Бүгүн күн тартибинде өкмөттүн программасы, тутуму жана курамы каралат. Бул тууралуу парламенттик корреспондент билдирет.
Сунушталган өкмөттүн курамы:
Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;
Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;
Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;
Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;
Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;
Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;
Экономика министри – Олег Панкратов;
Каржы министри – Адылбек Касымалиев (буга чейин иштеп келген);
Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге (буга чейин иштеп келген);
Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (буга чейин иштеп келген);
Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (буга чейин иштеп келген);
Юстиция министри – Айнур Абдылдаева (буга чейин иштеп келген);
Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (буга чейин иштеп келген);
Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;
Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (буга чейин иштеп келген);
Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (буга чейин иштеп келген);
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов (буга чейин иштеп келген);
Байланыш жана маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Идрис Кадыркулов.