Бишкек.26.12.2018.Govori.TV
Парламентте мамлекеттик ЖМКларды жеке жактарга сатууну сунушташууда. Бул тууралуу пленардык жыйында депутат Жанар Акаев билдирди.
Жогорку Кеңеште «Пирамида» телеканалына кошумча 6 миллион сом бөлүп берүүнү талкуулашты. Көпчүлүк депутаттар сунушту колдошкон жок.
Жанар Акаевдин айтымында, «Пирамида» телеканалынын бюджетин анын кесиптештери акыркы каражатты берип жаткандай талкуулашууда.
«Бул биздин ишти чагылдырган жападан жалгыз канал, бизге ага акча берүүгө чамабыз жетпейт дейбиз», -деди ал.
«Мына аянтта жаңы жылдык балаты турат, ага 10 миллион сом коротулду. 2 жумадан кийин аны алып салышат. А бул жерде канал бир жылга каражат сурап жатат, биз болсо нааразы болобуз», -деди Жанар Акаев.
Ал кошумчалагандай, болочокто «Бешинчи канал», «Кабарды» кошкондо мамлекеттик бардык ЖМКны жеке жактарга сатуу керек.
Булак: 24 kg