• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Парламентте окуучуларга калпак кийгизүү сунушталды

16 Бирдин айы 202213:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов окуучуларга улуттук форма кийгизүүнү сунуштады.

«Бул маселени VI чакырылышта да көтөргөм, окуучулардын патриот болуп калыптануусу үчүн 1-класстан баштап комуз сабагын киргизүү, «Манас» идеологиясын терең жайылтуу маанилүү. Башталгыч класска бир түстөгү калпак, негизги класска башка түстөгү калпак, жогорку класска дагы бөлөк түстөгү калпак кийгизүү керек. Ата-бабадан келаткан салттуу кийимдерди мектепке киргизүүнү карап берсеңиз»,-деди Икрамов.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып жатат.

Количество просмотров: 190