• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Парламентте жаңы төрөлгөн баласы менен абакта отурган келиндин маселеси көтөрүлдү

1 Жалган куран 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарга сүрөтү тарап, кичинекей ымыркайы менен түрмөдө отурган келин боюнча маселе көтөрдү.

Ал алган карызын төлөй албаганы үчүн камакта отурганын айтып, мамлекетти каржы жагынан жардам берүүгө чакырды.

Эске салсак, 28-февралда келиндин сот залында отурган сүрөтүн жактоочу Замир Жоошев Фейсбукка жарыялаган.

Белгилей кетсек, 36 жаштагы Аида Исаковага “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Айымдын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Количество просмотров: 345