Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышев Кыргызстандагы жолдор боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда өткөн жыйында айтты.
«Жол көйгөйү бир эле Талас-Бишкек жолунда эмес. Мындай көйгөйлөр Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Карап көрсөк, жайы менен эле жолдорду асфальттап иштешет. Кыштан өтүп эле жазга чыкканда жолдор бузулуп жатат. Акыркы эле бир мисалды ала турган болсок, Баткендеги курулган жолго бир айдан кийин чөп чыкты» , — деди ал.