• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Парламенттеги эки фракция Баткенде көчмө жыйын өткөрөт

2 Бирдин айы 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

Парламенттин «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары 5-февралда Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутаттар «Баткен районунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын, Тажикстан менен чек арадагы абалды талкуулайт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жогоруда айтылган маселе боюнча баяндама жасайт. Ал эми көчмө жыйынга Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транcпорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги катышат.

Количество просмотров: 204