• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Ыйман Нуру” Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды

5 Жалган куран 202514:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Бул тууралуу фракциянын лидери Динара Ашимова билдирди.

Бүгүн Айжигитовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин “Ыйман Нуру” фракциясы кезексиз жыйынга чогула турганы белгилүү болгон.

Ашимованын айтымында, фракциянын кезексиз жыйында Айжигитовду “Ыйман Нурудан” чыгарууну 3 депутат (Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева) колдоду. Ал эми Замирбек Мамасадыков калыс болуп, Султанбай Айжигитов өзү каршы добуш берген.

Буга чейин Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимге комментарий берген болчу.

Количество просмотров: 377