• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтпөй турган болду

30 Тогуздун айы 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын карабай, экинчи жолу артка кайтарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда бул жолу БШКнын арыз берүү мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө келтирилди.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык административдик соту парламенттик шайлоону 20-декбарга дайындоо жөнүндө БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын чыга электе кайра өткөрүү дайындалган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылышкан. Кечээ, 29-октябрда, «мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок» деп доо арызды артка кайтарган. Ошол эле күнү БШК документтерди толуктап кайрадан апелляциялык арыз жиберген. Жогорку сот бул ирет кассациялык даттануу мөөнөтү (үч күн) өтүп кеткенин айтып арызды караган эмес.

Количество просмотров: 157