• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын өттү

23 Аяк оона 2021 16:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин администрациядан кабарлашты.

Жыйынга Республикалык штабдын курамына кирген министрлик жана ведомстволордун, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Марат Иманкулов Республикалык штабдын негизги тапшырмасы — парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларын уюштуруучулук-техникалык камсыздоодон турарын белгиледи.

Ал ошол эле учурда эч кандай шылтоо менен комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол берилбесин айтты. Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоолорду мыйзамдарды бузуу менен өткөрүү, шайлоочуларды массалык сатып алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды. Анын айтымында, бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап, шайлоо жараянынын мыйзам бузууларына өз убагында жана ыкчам реакция кылып, мыйзам бузуучуларга мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүш керек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик бийликтин органдарынын өкүлдөрү кайсыл деңгээлде болбосун, үгүт өнөктүгүнө жана шайлоо жараянына кийлигишпеши керектигин баса белгиледи.

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү же кол алдындагыларды тигил же бул талапкердин пайдасына мажбурлоо максатында пайдаланса, анда алар ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, ал эми алардын аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга эч кимге уруксат берилбейт», — деп билдирди Марат Иманкулов.

Аны менен бирге ал, кайсыл бир партия жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бийлик өкүлдөрү бюджеттик тармактын кызматкерлери – мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталган учурда, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды аткарууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого жана өздөрүнүн дымагы, жеке кызыкчылыгы үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Мындан сырткары ал, уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шарттарында добуш берүү жүрүшүндө тилкелерде шайлоочулардын саламаттыгы үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанисин белгиледи. Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, саламаттыкты сактоо, тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин жалпы элдик добуш берүүгө даярдык жөнүндөгү баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгында берилген сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.

Количество просмотров: 102