• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Парламенттин алы жетпей калды». Масалиев мандатын тапшырмай болду

21 Бугу 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») билдирүү жасап, мандантын тапшыра турганын айтты.

Ал Жогорку Кеңешке 4,5 жыл депутат болгонун белгиледи. Анын айтымында, акыркы учурларда парламентке көп сын айтылып жатат. Ошондой эле депутат төраганын, өкмөттүн ишин сынга алды.

Масалиев өлкө оор абалга келгенин айтты.

«Ушул оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Менин деле жоопкерчилигим бар да. Себеби мен сунуштаган мыйзам долбоору болобу же башка болобу жеткире алган жокмун, талап кылып, ишке ашыра албадым. Ошондуктан ушундай чечимге келдим, депутаттык мандатты 25-майда тапшырам. Ушул жаңылык менен сиздер менен бөлүшкүм келди», — деди ал.

Төрага Дастанбек Жумабек бүгүн И.Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады. Муну менен катар төрага «Орозо айында кечиримдүү бололу, бизден кетсе сиз кечириңиз, сизден кетсе биз кечирели», -деген билдирүүсүн айтты.

Количество просмотров: 1005