Парламенттин экс-спикери Зайнидин Курмановдун кызы – Малика Курманова президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоо иретинде 5 миллион сом берген. Мындай маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.
Ал ортодо Курманов өзү Vesti.kg менен болгон маегинде анын кызы өз алдынча чечим чыгара турган бойго жеткендигин айтты.
“Менин кызым 40 жашта” деди Зайнидин Курманов. Ал өзү үчүн жооп берсин. Ал чоң адам”, — деген ал.
Мурдагы төрага кызы ишкерлик менен алектенерин белгилеп өттү.