• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламенттин иши дагы бир айга узарды

5 Теке 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин бир айлык кезексиз сессиясы ачылды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, депутаттар Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан.

Парламенттин иши 30-июлга чейин регламентке ылайык жүрөт. Тактап айтканда, жуманын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү комитеттердин жыйындары өтөт, шаршемби, бейшембиде сессия болот, ал эми жума күндөрү фракциялар чогулат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өткөн жумада жайкы эс алууга тараган.

Количество просмотров: 122