Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Баш мыйзамдын долбоорун жактырды.
Регламентке ылайык, эми Конституциянын долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат. Эгер үч окуудан тең колдоо тапса, референдум дайындалмакчы.
Кошумчалай кетсек, Конституциянын жаңы долбоору 2020-жылдын 17-ноябрында 80 депутат тарабынан демилгеленип, парламенттин сайтына илинген. Ал коомчулукта талкуу жаратып, кийин Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кайра иштелген Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган.