• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Партиялар шайлоонун үгүт иштерине канча акча коротту?

18 Жетинин айы 2021 19:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан 21 саясий партиянын шайлоо фондуна 17-ноябрга карата 167 миллион 23 миң 757 сом түштү. Үгүт иштерине анын 154 миллион 966 миң 679 сому сарпталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын шайлоо фондуна 33 миллион 642 миң сом топтолуп, партия 27 миллион 673 миң сомун коротту.

“Ишенимдин” эсебине 27 миллион 319 миң сом түшүп, 26 миллион 886 миң сому сарпталды. Капчыктуу партиялардын үчүнчү катарында “Альянс” бар. Саясий бирикменин фондуна 19 миллион 970 миң сом топтолуп, 19 миллион 759 миң сомун үгүт иштерине кетирген. “Ынтымак” партиясынын эсебине 18 миллион 393 миң сом чогулуп, 18 миллион 100 миң сому сарпталды. “Эл Үмүтүнүн” фондуна 16 миллион 967 миң сом түшүп, анын 15 миллион 722 миң сому коротулду.

Калган партиялардын шайлоо фонддоруна бир миллион сомдон сегиз миллион сомго чейин каражат чогулган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар үгүт иштериндеги бардык чыгымдарды фонддон жумшаш керек.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 138