• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Партиялардын бюллетендеги орду бүгүн аныкталат

9 Аяк оона 202012:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетенге партиялар жайгаштырыла турган сандарды аныктоо үчүн чүчүкулак ойнотулат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Байкоочу катары саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.

Количество просмотров: 103