• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Партиялардын документин кабыл алууда БШКда ызы-чуу чыкты

25 Баш оона 2020 9:37 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясында 25-августка караган түнү Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов, жарандык активисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы талапкерлеринин тизмесин саат канчада өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты.

Опубликовано Аманболом Бабакуловым Понедельник, 24 августа 2020 г.

БШКнын алдына чогулгандарды Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Анын айтымында, саат 18:00дө партия БШКнын каттоосунан өткөн, ал эми жетишпей жаткан кагаздарды толуктоо үчүн кечки 6:00дөн кийин деле уруксат бар. Партиянын лидери Канат Исаев саат 18:00гө чейин документтерди өткөрүп, андан кийин толуктоо болгонун айткан. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлгөн.

Камерадан алынган видеодогу убакытка караганда «Кыргызстан» партиясы саат 18:00гө чейин документин тапшырбаганын көрүүгө болот. Боршайкомдун мүчөсү видеокамеранын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтты.
Ошондой эле партиялардан келген документтерди каттаган журналда дагы «Кыргызстан» партиясы тапшырган убактысы кол менен оңдолуп, саат 17.59 деп жазылганы көрсөтүлдү.

Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди.

24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган, алардын катарында «Кыргызстан» партиясы да аталган.

Мындан көп узабай социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы документтерин кеч алпарып, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган болчу.

Количество просмотров: 260