• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Партиянын алдыңкы 20 талапкери миллион доллардан берген. Депутат агынан жарылды

25 Жалган куран 2021 17:05 Бишкек Govori.TV

Өткөн жылы парламенттик шайлоодо партиянын алдыңкы 20 орунун ээлөө үчүн миллион доллардан таштагандар болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев билдирди.

«2015-жылкы шайлоодо Алай жана Чоң-Алай районунан 4000ден ашуун добуш алып биринчи орунду алгам. Ош облусу боюнча үчүнчү орунга чыккам. Ал эми алдыда тургандар 500-1000 добуш менен эле өтүп кетти. Бирок мага мандат беш жылдан кийин тийди. Жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо 20-орунга чейин бир миллион доллар, 35-орунга чейин 500 миң доллар таштагандар болду. Ошон үчүн азыркы сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору калыстыкка жакын болуп жатат», — деди депутат.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен, башкача айтканда, партияга жана анын тизмесиндеги талапкерди тандап добуш берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Количество просмотров: 9443