• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Партиянын үгүтүнө келген студенттердин иши сотко жөнөтүлдү

8 Жетинин айы 2021 15:28 Бишкек Govori.TV

Милиция шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында административдик ресурсту пайдалануу фактысы боюнча иликтөөнү аяктап, сотко жөнөттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясынын жолугушуусуна студенттер алып келингени боюнча видео тараган. 3-ноябрда милиция бул окуяны териштирүүнү баштап, административдик ресурс колдонулганын билдирген. Жоруктар кодексинин 87-беренесиндеги «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» деген пункт менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Расмий маалыматка караганда, партиянын жолугушуусуна Ош мамлекеттик университетинин студенттери катышканы жана алар өз ыктыяры менен барбаганы белгилүү болгон. Бул маалыматты текшерүү үчүн жогорудагы университеттин окутуучулары менен студенттери Ош шаардык милициясына чакырылган. Анда студенттердин көбү 18 жашка толо электиги, паспорт ала алектиги аныкталган. Студенттер көрсөтмө беришип, окутуучулар аларды экскурсияга барабыз деп чогултуп, жыйынтыгында партиянын жолугушуусуна алып барышканын айтып беришкен. Жалпысынан 8 окутуучу менен 15 студент суракка алынган.

ОшМУнун пресс кызматы Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери партиянын үгүт жыйынына катышканын бышыктады. Университетте ички териштирүү жүргүзүлүп, факультеттин деканына эскертүү, эки окутуучуга сөгүш берилген.

Буга чейин ушул окуяга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигине чара көрүүнү Министрлер кабинетинен суранган.

Аталган партиянын мүчөлөрү студенттердин жолугушууга келишинде кылмыштын белгилери жок экенин айтып жатышат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 141