• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумагазиев: Патрулдук милиция 255 кылмыш фактысынын бетин ачты

16 Бештин айы 2019 13:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата Патрулдук милиция жеринен изи сууй элек 255 кылмыш фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев бүгүн, 16-декабрда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бир жарым ай аралыгында Патрулдук милиция башкармалыгы 102 линиясы боюнча келип түшкөн 2 миң 720 чакырууну кабыл алган. 

«1 миң 999 жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде 212 мыйзамсыз унаалардын терезелерин караңгылатуу фактысы, 87 жасалма номурларды пайдалануу, 122 мас абалда унаа башкаруу фактылары катталды»,-деп билдирди Жумагазиев.

Белгилей кетсек, Патрулдук милиция ушул жылдын 31-октябрында ишке кирген. Кызматкерлер коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барат.

Количество просмотров: 85