• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Пекинге бара турган команданын спорттук формасынын сүрөттөрү жарыяланды

29 Үчтүн айы 2022 23:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук Олимпиада комитети оюндарындагы Кыргызстандын командасынын расмий спорттук кийиминин сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Буга чейин спортчунун Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына кийип бара турган формасы сынга алынган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Талкууланып жаткан спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими эмес, жөн гана машыгуу учурунда кие турган кийими. Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы команданын расмий спорттук кийимин Олимпиада комитети бүгүн жарыялайт», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 258