• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Пенсия ала тургандар мындан ары документ чогултпайт

4 Үчтүн айы 201911:43 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын пенсия курагына жеткен жарандары пенсия алыш үчүн документтерди чогултпайт. Тиешелүү документтерди чогултуу милдети Социалдык фондго жүктөлөт. Жаңы мыйзам күчүнө киргенин  Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Аалы Карашев маалымдаган.

— Пенсияны чегерүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча биз мыйзам долбоорун кабыл алганбыз. Документтер Соцфондго керекпи — Соцфонд аларды өзү чогултушу керек. Адам 30-40 жыл иштеп, пенсиянын документтерин алты ай, бир жылдап чогултпаш керек. Ал Соцфондго келди, арызын берди, паспортун, эмгек китепчесин берди. Калганын Соцфонд өзү чогултуш керек. Бул мыйзам 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

2019-жылдын 1-июлунан тартып Соцфонддо атайын пенсионерлер үчүн бөлмө ачылат. Каалоочулар ал бөлмөгө кирип, канча пенсия алып атканын электрондук түрдө көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 12