• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Пенсильвания штатынын полициясында Фетхуллах Гүлендин өлүмү боюнча маалымат жок

19 Жетинин айы 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Бир катар түрк басылмалары АКШда ислам дининин үгүтчүсү жана коомдук ишмер Фетхуллах Гүлендин өлүмү тууралуу жазып чыгышты. Гүлен менен бирге анын Пенсильваниядагы мүлктөрүнүн биринде жүргөн тарапташтарынын бири да каза болгон имиш – ал өз жанын кыйган.

Ал арада бир катар маалымат каражаттары түрк оппозициялык ФЕТО уюмунун жетекчисинин өлүмү тууралуу маалыматты четке кагып, бул фейк экенин айтышууда.

РИА Новости билдиргендей, Пенсильвания полициясында Гүлендин өлүмү тууралуу маалымат жок.

Поконо тоосунун аймактык полиция башкармалыгынын өкүлү агенттикке «системада кабарларды (Гүлендин өлүмү) тастыктаган маалымат жок» деп билдирди.

Түрк бийлигинин айтымында, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында Гүлен жана анын тарапкерлери турган. Гүлендин тарапкерлери бул дооматты четке кагууда.

Количество просмотров: 241