• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Пенсияга чыккандар 30 жаштагыдай көрүнөт… Байсалов аялдардын пенсия курагын жогорулатуу тууралуу пикирин айтты

12 Чын куран 2022 18:26 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24.kg агенттигине Социалдык фонддун аялдардын пенсия курагын көтөрүү тууралуу сунушу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө пенсиялык системада чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар. Ал эми парламенттик угууда бардык мүмкүн болгон варианттар айтылып, эмне кылышыбыз керектигин коомчулук да, өлкө жетекчилиги да чечсин деген максатта болду.

«Азыркы 58 жаштагы аял менен 20 жыл мурункулар экөө эки башка. Президенттик администрация өткөн аптада иштеген пенсионерлердин баарын жумуштан бошотту. Алардын жашын билгенде таң калдым. Алар 30 жаштагыдай көрүнүшчү», — деген ал.

Ал кошумчалагандай, жашоонун узактыгы, эмгекке жөндөмдүүлүгү, жашоо образы өсүп жатат.

«50 жыл мурункуга карай турган болсок 50 жаштагы аял кемпир делген. А Пушкин, Лермонтовдо 40 жаштагы аял эле кемпир деп эсептелген. Ал эми бүгүнкү күндө 60 жаштагы аял жаш көрүнөт», — деди Байсалов.

Эске салсак, бир күн мурун Жогорку Кеңеште пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева Социалдык фонд жашты көтөрүүнү сунуштабай турганын, бирок аялдар менен эркектердин пенсияга чыгуу курагын теңдештирүүгө болоорун белгиледи.

Количество просмотров: 192