• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Пенсияны көбөйткөн менен, башка жагынан алып коюп жатат. Бишкекте жол киренин кымбатташы тууралуу депутаттардын пикири

11 Тогуздун айы 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин жогорулатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Govori.TVга Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардык кеңешке тарифтерди көтөрүү сунушу даярдалып жатат.


«Негизинен тарифти көтөрүү маселеси каралып жатат. Бирок шаардык кеңеш быйыл кабыл алабы же эмдиги жылыбы азырынча белгисиз. Биз ченемдик-укуктук актысын иштеп чыккандан кийин Экономика министрлигине жөнөтөбүз. Долбоордун регулятивдик таасиринин талдоосу өткөрүлгөндөн кийин шаардык кеңешке сунуш берилет. Кийин коомдук талкуудан өтөт. Ошондон кийин гана жалпы жыйынга алынып чыгат. Азырынча жол кире акысы качан кымбаттайт белгисиз. Бирок тариф көтөрүлүшү керектиги анык. Анткени чыгымдар эки эсе өсүп кетти, күйүүчү май жана автотетиктер кымбаттады»,-деди Нусувалиев.


Экономикалык эсеп жүргүнчү ташыган тараптарга төмөнкү баа ылайыктуу деп көрсөтүлгөн:

троллейбус — 15 сом;
автобус (менчик же муниципалдык экенине карабастан) — 15 сом;
маршрутка саат 6:00 — 20:30 аралыгында — 21 сом;
маршрутка саат 20:30 — 6:00 аралыгында — 32 сом;

Нусувалиев айтылган бул сандар эсептелип чыккан вариант экендигин жана чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл аларын кошумчалады.


Мындай жагдайга эл өкүлдөрү Дастан Бекешов, Марлен Маматалиев жана Шарапаткан Мажитова пикирин билдирип, жол кирени көтөрүүгө каршы экенин билдиришти.

Количество просмотров: 61